Экономикалык кылмыштуулук жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, аны ачыктоо жана ага жол бербөө иретинде жаңыча мамиле зарыл. Бул туурасында Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иши менен таанышкан учурда белгиледи.
"Биз өлкө тарыхындагы ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен "саясий кереметке" жетиштик, эми "экономикалык кереметке" жетишүү мезгили келди. Аны ишке ашыруу ар-бирибизден көз каранды. Кооррупциялык көрүнүштөргө терс караган коомдо гана өнүгүп-өсүү орун алат", - деди Мамытканов.
Ал 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субъектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоочу ишти жакшыртуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.