Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Вице-спикер кызмат ордуна “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги да көрсөтүлгөн. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Сыдыгалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдогон. Ал эми Исмаилов 38 добуш алган. Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп келген депутат Мирлан Бакиров, 2020-жылдын 23-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында өз каалоосу менен кызматын тапшырып жатканын айткан.