Жаңылыктар
“Ырдын падышасы” Рамис Рыскулов каза тапты. Чыгаан таланттын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
“Ырдын падышасы” Рамис Рыскулов каза тапты. Чыгаан таланттын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Чыгаан таланттын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Коштошуу зыйнаты эртең түштөн кийин болот. 87 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан Рамис Рыскулов башка замандаштарынан өзүнүн ырлары, жүрүм-туруму жана кулк-мүнөзү менен өзгөчөлөнгөн уникалдуу акын болчу. 

Биринчилерден болуп кыргыз адабиятында эркин ыр формасындагы изденүү менен кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, жаңы форма жана жаңыча саптар менен байытып, ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу салымын кошкон новатор акын эле. Аны калемдештери “Ыр аке” деп тергешчү.