Жаңылыктар
Өрт өчүрүүчүлөр базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт өчүрүүчүлөр базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан Каракол шаарындагы базарларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Иш-чаранын жүрүшүндө базардагы шаурма, гриль сатуучу жана башка тез тамактануучу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу, газ балонду туура колдонуу керектиги тууралуу сатуучуларга нускамалар өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

ӨКМ кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертет:

 - ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөгүлө;

- бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;

- колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- өрт катталган учурда учурда 112 жана 101 кыска номуруна чалыңыздар.