Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында “BMW 525” жана “Subaru Legasy” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала каза болуп, 8 адам жабыркаган.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.