Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция борбор калаада 51 курулуш компаниясы менен соттошууда. Бул тууралуу аталган мекеменин Бишкек шаардык башкармалыгы кабарлады.
УКМК “Элитхаус” компаниясы узак убакыттан бери уруксат берчү документтери жок, эреже бузуу менен көп кабаттуу үйлөрдү салып келгени аныкталганын билдирди. Мындан улам мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу маселе кайрадан көтөрүлүүдө.