«Белизгейт» ишине байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы соцтармактардагы Абдил Сегизбаев тууралуу жазылган айрым маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет: «2021-жылдын 14-январында А. Шыкмаматов жана башка адамдар тарабынан Башкы прокуратурага түшкөн кайрылуунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши каттоого алынган. Анда Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турган кезде парламент депутаттары А. Шыкмаматов, А. Салянова жана Ө. Текебаевдин беделине атайылап шек келтирип, кылмышка айыптаганы айтылган. Ал ошондой эле «Белизгейт» фактысы боюнча кармалып, камакка алынды.
УКМК жана Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Абдил Сегизбаевдин жогоруда аталган кылмыштарды жасагандыгы тууралуу далилдер алынып, Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.