Жаңылыктар
Красноярск - Ош аба каттамы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Красноярск - Ош аба каттамы ачылды

Красноярск - Ош аба каттамы ишке кирди. “Икар” авиакомпаниясы аткарган каттамды Ош эл аралык аэропорту күтүп алды. Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти. 

Чартердик каттам жумасына 1 жолу, ишемби күндөрү абага көтөрүлөт.