Жаңылыктар
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ИИМ менен кызматташууга даяр экенин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ИИМ менен кызматташууга даяр экенин билдирди

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер Фон Аркс менен жолукту. 

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков ЕККУнун Программалык кеңсесине моралдык жактан дагы, автотранспорт каражаттар, коронавирус пандемиясы учурунда жеке коргонуучу каражаттар түрүндө материалдык-техникалык жактан дагы көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. 

Тараптар ички иштер органдарын өнүктүрүүгө, кызматташтыкты жана өз ара байланышууну бекемдөөгө багытталган бирдиктүү долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти. Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ИИМ менен мындан ары дагы кызматташууга, колдоого даяр экендигин билдирди. Жолугушуу жылуу маанайда жана достук мамиледе өттү.