Бишкекте бүгүн эртең менен маршруттук чакан автобустар штаттык режимде ишке чыгышты. Бул тууралуу мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын жаңы жетекчиси Таалай Акматбаев билдирди.
"Саат 7:00дө 900 маршрутка ишке чыкканы белгилүү болду. Транспорттун тартыштыгы байкалбайт. Жүргүнчүлөр арасында дагы тынчсыздануу жок. Бүгүн күн бою мониторинг кылып турабыз", — деди Акматбаев.
Эске салсак, 18-январда айрым маршруттук айдоочулар жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылышкан. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кирени көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.