Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалышты

Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүүлөр камалышты. Үстүбүздөгү жылдын 17-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Юрьевка айылынын 67 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 17-январга караган түнү сарайына белгисиз бирөөлөр киришип, эки баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-малдарынын натыйжасында жогорудагы мал уурдоого шектелип, 2003-жылы туулган С.Д., Б.Б. жана 2005-жылы туулган А.М. аттуулар колго түшүрүлгөн. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.