Жаңылыктар
Алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт

Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Билдирүүдө айтылгандай, мелдеш 20-21-февралда болот. Чемпионатка 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катышат. Алар алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча күч сынашат. Мелдеш Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курама командасын түзүү үчүн өткөрүлөт. Спортчулар кийин Азия, дүйнө, эл аралык чемпионаттарга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.