Жаңылыктар
Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүсү керек. 

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат. Толук маалыматты "116" номурунан же cалык кызматынын сайтынан алууга болот.