Жаңылыктар
Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы жанданды

2020-жылдын жаз айларынан бери коронавируска байланыштуу карантин киргизилгенден бери токтоп турган Бишкек - Исфана - Бишкек аба каттамы 18-январдан тартып жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун сайтында кабарланган.

Сайттагы маалыматка таянсак, каттамдарды жумасына бир жолу дүйшөмбүдө «Тез жет» авиакомпаниясы жүргүзөт. Бишкектен учак саат 11:00дө, Исфанадан кайра Бишкекке 14:20да учат. Карантинде ички жана сырткы каттамдар токтотулуп, кийинчерээк Бишкек - Ош багыты жанданган. Ал эми Жалал-Абадга, Баткенге каттамдар толук жолго коюла элек.