Жаңылыктар
Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Бул борлор Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен ачылган. Анын ачылыш аземине юстиция министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү соттордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Евробиримдиктин өкүлдөрү катышышты. 

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбор ачуунун негизги максаты - укуктук билим берүү, укуктук маалымат берүү, калктын аялуу катмарынын укуктук коргоонун деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, жарандардын айрым категорияларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу укугун камсыз кылуу. 

Буга чейин республиканын аймагында 29 акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштеп жаткан.