Жаңылыктар
Кыргызстанда 2 миң 100 мектеп жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 2 миң 100 мектеп жанданды

Кыргызстанда 2 миң 100 мектеп салттуу режимде ишин улантты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жандангандан баштап ар бирине өзгөчө мамиле жасалат. Ар бир аймакта эпидемиологиялык кырдаал эске алынат.

Ошол эле учурда 1 миң 224 мектепте бардык параллелдик окуучулар үчүн салттуу форма калыбына келтирилгени, калгандарында ар кандай класстар оффлайн режиминде билим ала баштагандыгы белгиленди. Жалпысынан республикада 2 миң 152 билим берүү мекемеси бар.