Жаңылыктар
УКМК кызматкерине 70 миң сом сунуш кылган Талас райондук Соцфондунун башчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК кызматкерине 70 миң сом сунуш кылган Талас райондук Соцфондунун башчысы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Социалдык фондунун Талас райондук башкармалыгынын башчысы Ы.И.С. пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди. 

Такталгандай, Социалдык фондунун Талас райондук башкармалыгынын башчысы Ы.И.С. иш сапарларды каржылоого бөлүнгөн бюджеттен каражатарды ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу туралуу УКМК кызматкерине 70 миң өлчөмүндөгү акча каражатын сунуш кылган.

Кармалган адам Талас облусттук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Тергөө жүрүп жатат.