Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев жакында бир катар кызмат адамдары суракка чакырыларын, алардын иштери тергелерин айтты.
"Пандемия учурунда өзүңөр билгендей миңден ашык адам каза болду. Бир үй-бүлөдөн 3-4 адам каза болгон учурлар дагы бар. Ушуга жол бергендердин баары мыйзам алдында жооп берет. Бир аз күтө турсаңар баарын ачыктайбыз. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм” - деди Жапыкеев.
Ошондой эле ал пандемия учурунда гуманитардык жардамга келген акчалар айлык берүүгө бөлүнүп кеткен учурлар бар экенин кошумчалап, мунун баары тыкыр иликтенип жатканын кошумчалады.