Жаңылыктар
Сузактагы компьютердик клубда массалык мушташ болду
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактагы компьютердик клубда массалык мушташ болду

Сузакта компьютердик клубда мушташ чыгып,бир адам бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анын айтымында, 8-январь күнү 30 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган, болжол менен 18-20 жаштардагы 10-15 жигит компьютердик клубду бузуп киришкен. Алар имараттын терезелерин жана эшиктерин талкалап, мушташкан. 

Арыз ээси материалдык зыяндын ордун толтурууну жана бейбаштарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды. Мындан тышкары, белгилүү болгондой, ошол эле күнү ушул оюн клубунда 21 жаштагы жигит бутунан жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Бүгүнкү күндө тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.