8-январга карата Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап каза тапты. 165 кишиден коронавирус табылды. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 миң 991 адам. Алардын 77 миң 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны 1365 адамга жетти.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 8-январда 88 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 898 миңден көп.