Жаңылыктар
Алдыдагы шайлоого байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы шайлоого байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Алдыдагы шайлоого байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. 

Жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо чаралары көрүлүп, электр жабдуулар, чубалгыларды пландуу оңдоо иштерди убактылуу токтотту. Кырдаалга жараша авариялык-калыбына келтирүү иштери гана жүргүзүлөт. Райондук электр тармактарында кошумча бригадалар түзүлүп, атайын шаймандар даярдалды.