Лейлектеги чек арачылар мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик менен жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргызстандын аймагында тажик номериндеги Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.
Айдоочу жана жүргүнчү чек ара кезметинин унаадан чык деген талабынан баш тартып, каршылык көрсөтүп Тажикстандын аймагына качып кирүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары аларды токтотуп, кармашкан. Жарандардын өздүгүн тактоо учурунда Тажикстандын атуулдары экендиги аныкталган. Чек арачылар тарабынан унааны текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандарин табылган. Аткезчилик менен алынып келе жаткан жүктүн болжолдуу баасы 300 миң сомдун тегерегинде. Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, кармалган жарандар жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.