Жаңылыктар
Коронавирустун жаңы түрүнүн коркунучу аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустун жаңы түрүнүн коркунучу аныкталды

Коронавирустун жаңы мутациясы балдарга тез жугат. Ханыша Мария атындагы Лондон университетинин эпидемиология боюнча улук окутуучусу Дипти Гурдасани Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммынын коркунучу тууралуу эскертти. 

Адис Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди. Ал белгилегендей, коронавирустун жаңы түрүнүн жугуу коэффициенти буга чейинки SARS-CoV-2 учуруна салыштырмалуу 1,74 эсеге көп. Бул - бир адам обочолонгонго чейин эле бир нече адамга вирусту жугузат дегенди билдирет.

Гурдасани бул коңгуроо кага турган маалымат экенин айтып, ооруну алдын алуу боюнча чараларды азыртан көрүп баштоого чакырды. Эпидемиологдун божомолунда, коронавирустун жаңы түрү балдар менен катар чоңдорго да жугуп, жыйынтыгында ооругандар көбөйүп, жаңы курмандыктарга алып келиши ыктымал. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү табылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылып жатканын кабарлаган.