Жаңылыктар
Уурдалган телефонду аныктоочу тиркеме
Кыргызстан жаңылыктары
Уурдалган телефонду аныктоочу тиркеме

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы уурдалган чөнтөк телефондор жөнүндө маалымат ала турган мобилдик тиркемени сунуштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы билдирди. 

Айтымында, тиркемени “Play Market” аркылуу мобилдик телефонго көчүрүп алып, андан кийин уурдалган шаймандардын маалымат базасында текшерүү үчүн телефондун IMEI кодун терүү керек. 

Эгерде уюлдук телефон уурдалган телефондордун базасында көрсөтүлгөн болсо, анда анын уурдалышы жана кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо номери боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүшөт.