Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты. Талант Мамытов коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди. Баарлашуу соңунда Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.