Кыргыз Эл артисти, ырчы Султан Каримов жардамга муктаж. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“ 2015-жылы дарыгерлер Султан Каримовго кант диабети, уйку безинин сезгениши, бөйрөктүн пиелонефрити, полиартрит жана артроз, сол тизе муунунун деформациясы, жүрөк жетишсиздиги, буттардын кан тамыр оорулары диагнозун коюшкан. 2020-жылдын июнь айынан баштап, 1-типтеги кант диабети менен жабыркап келет. Султан Каримов - инсулинге көз каранды. Ага тезинен Түркияда операция жасатуу керек”- деп жазган Молдокматова.
ЭЛСОМ номери: 0507420542