Аскер прокуратурасы Бишкекте бир жылда эки жоокер каза болгон аскердик бөлүктөгү мыйзамсыздык ыктымалдыгын текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мааламытка караганда, аскер кызматкерлеринин ортосундагы Уставга туура келбеген мамилелер болгонбу-жокпу иликтенип, 21-декабрда каза болгон маркумдун туугандарынын айткандары текшерилет. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатып каза болгон Бексултан Адылбек уулунун жакындары ал суицидге барганына ишенбей жатканын билдиришкен.
Туугандарынын айтымында, ал жогорку окуу жайын арткычылык менен аяктагандан кийин аскерге өз каалоосу менен кеткен. Бишкектеги №702 аскер бөлүгүнө үч ай мурда чакырылган. Жоокердин асынган сөөгү бул аскердик бөлүктө 21-декабрда табылганын ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы билдирген. Быйыл февраль айынын башында да ички аскерлерде бир суицид фактысы катталган.
Окуя ушул эле №702 аскердик бөлүктө болгон. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган, 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.