Жаңылыктар
Бишкекте доллар 80 сомдон сатылып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте доллар 80 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө дээрлик үч сомго арзандады. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, соңку курс 80 сом 70 тыйын деп көрсөтүлдү, ага чейинки күнү 83 сом 14 тыйын болчу. 

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин арзандай баштаган. Июнда 73 сомго түшүп, ноябрда кайра 85ке жеткен. Ноябрдын экинчи жарымында Улуттук банк дээрлик күн сайын интервенция жүргүзүп, жалпысынан 75 миллионго жакын доллар саткан.

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды 80 сомдон сатып жатышат. Орус валютасы рубль 1,10 сом болууда. Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлдү. Бул өз кезегинде азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташын шарттады.