Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Ош шаарында өткөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясынын отурумуна катышты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициалык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивтүү картасын түзүү зарыл. Вице-премьер-министр тоо кен тармагы боюнча токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүшү керектигин белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып жаткан руда жана концентраттардын ичинде баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу керектигин кошумчалады. Коллегиянын соңунда вице-премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке иштебей токтоп турган компаниялардын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.