Жаңылыктар
Өмүрүн циркке арнаган Кадырбек Тажиев
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрүн циркке арнаган Кадырбек Тажиев

Күлкүлүү эпизоддору жана тамашалары менен көпчүлүктүн эсинде калган Кадырбек Тажиев цирк дүйнөсүнө келгенине бүгүн туура 55 жыл болду. Советтик цирк артисти Юрий Никулинден таалим алып, бир катар шакирттерди тарбиялап чыгарды. 

“Маскарапозчулук кесип эмес, бул - менин жашоом”. Дал ушундай принципти карманган таланттуу актер, чыгаан цирк режиссеру Кадырбек Тажиев кыргыз цирк дүйнөсүнө аралашканына быйыл 55 жыл болду. Ал 1965-жылы 18-декабрда биринчи жолу манежге чыккан. Ушул күнгө чейин кыргыз циркине өз салымын кошуп келет.