Жаңылыктар
Ысык-Көлдө мас абалындагы 25 айдоочунун ар бирине 17500 сомдон айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө мас абалындагы 25 айдоочунун ар бирине 17500 сомдон айып пул салынды

Өткөн жумада Ысык-Көл облусунда мас абалында унаа башкарган 25 айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Анын айтымында, алардын ар бирине 17500 сом айып салынып, унаалар айып жайга токтотулган.

«Жума сайын облуста кошумча рейддер өткөрүлүп турат. Жалпысынан рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган 972 айдоочу аныкталды. Мындай иш-чаралар эреже бузуучулардын санын азайтууга, жол кырсыктарын азайтууга, эң негизгиси кырсыктардан жаракат алгандардын, айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн санын кыскартууга багытталды», - деп билдиришти башкармалыктан.