Жаңылыктар
Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке өтүүдө. Белектердин жарманкеси түшкү саат 12ден кечки 6га чейин ачык болууда. 

29-декабрга чейин улана турган иш-чарада колго жасалган өзгөчө жасалгаларды, карагай оюнчуктарды, кийизден, жибектен, керамикадан, шурудан жана чоподон жасалган оюнчуктарды, этникалык кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот. Бул иш-чаранын алкагында концерттик программа 16- 23- жана 29-декабрда күндүзгү саат 2 ден кечки 5ке чейин бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.