Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн, 14-декабрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат. Бүгүн күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.