Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапты. Маалыматка ылайык, БШК 11-декабрдагы жыйынында бул маселени карап, тиешелүү протоколду бекиткен. Ал эми БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан колдорун жараксыз деп тапкан.
БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болууга арыз бергендер чогулткан колду кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн.
Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана бир миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес. 14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.