Чүй облусунун Москва районунда 10-декабрь күнү саат 06:40 чамасында Петровка айылында “Мереседес-Бенц” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып бак сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган, учурда алардын аты-жөндөрү такталууда. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борбору таратынан куткаруучулары жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.