Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө. Ноябрдын 19нан тарта бардык шайлоо тилкелеринде добуш берчү жарандардын тизмеси такталып жатат. Тизме жаңырган жылдын башында шайлоо участкаларына, жеткирилет. Алдыдагы шайлоодо, форма 2 арызы менен добуш сатып алуу ыкмасы жокко чыгарылган.
Боршайкомго шайлоочулардын алдын ала тизмеси келип түшүүдө. Жарандарда өзүн тизмеден тактоо үчүн бир нече жолдор бар: өзү катталган участкалык шайлоо комиссиясына илинген тизмеден билсе болот, же БШКнын сайтынан текшерүү мүмкүнчүлүгү бар, андан тышкары 119 кыска номуруна телефон чалып же смс аркылуу жооп ала алат. Бул жолку шайлоодо Кыргызстан ичинде орун которуп добуш берүүгө бөгөт коюлган, тагыраагы форма-2 арызы аркылуу добуш берүү жокко чыккан. Мындай ыкманы өлкө сыртында жүргөн мекендештер гана колдоно алат.