Кыргызстанда бир суткада коронавирус 379 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Алардын бири Бишкек, бири Ош, дагы бири Талас облусунун тургундары. Республикалык штабдан билдиришкендей, 527 адам коронавирустан айыгып чыкты, ал эми стационарларда 2 миң 305 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 41 бейтап дарыланууда.
Соку бир күндө 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 719 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 76 миң 391 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 68 миң 894 киши айыгып чыкса, 1 миң 306 адам каза болду.