“Ысык-Көл" эл аралык аэропорту "Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.
"Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Бул каттам менен 7 жаш баланы кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди. "Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүү максатында, бул каттамдын ачуу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту", Унаа жана жол министрлиги, Жарандык авиация агенттиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрилиги биргеликте иш алып барды", - деп айтылат маалыматта. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине чектөөлөрдүн алынгандыгына байланыштуу, көрүлгөн бул чаралар туристтик сезонду жандандырууга түрткү болмокчу.
Пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жана ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чаралар көрүлгөн.