Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун аудиокитептеринин коллекцияларынын бет ачары болуп, иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнө карата уюштурулган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов маалымат жыйынында билдирди.
Демилге журналист Эрнис Кыязовго таандык. Беш электрондук жыйнакта Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары камтылгандыгы белгиленди. Алардын бири жазуучуга жана көрүнүктүү ишмер Асан Ахматовдун жээнине берилди. Калганы Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилет.