Жаңылыктар
Талант Мамытов: Кышында эл жылуулуксуз, жарыксыз калышына эч себеп болбошу керек
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов: Кышында эл жылуулуксуз, жарыксыз калышына эч себеп болбошу керек

Күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү зарыл. Өзгөчө өлкөнүн алыскы аймактарына көңүл бурулсун. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алган учурунда табыштап, кышында эл жылуулуксуз, жарыксыз калышына эч кандай себеп болбошу керек экенин эскертти.

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү, оорукана, мектеп, бала бакчаларды жылытуу иши өткөн айда эле башталган. Аны менен бирге жылуулук борборлору кышка карата камылгасын өз маалында бүтүрүп көмүрдүн запасы жетиштүү топтолду. Көмүр менен бирге көгүлтүр от жана мазут колдонулат. Алар да жетиштүү.