Жаңылыктар
Люстрация - тазалануунун жолу. «Люстрация-Тазалануу» кыймылынын форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Люстрация - тазалануунун жолу. «Люстрация-Тазалануу» кыймылынын форуму өттү

Өлкөнүн экономикасын өргө тартып, ар тараптуу өнүктүрөбүз десек люстрация мыйзамын кечиктирилгис кабыл алуу зарыл. Себеби тазалануу болбосо бийликтеги таза эмес кадрлар кайра эле ишти артка тарта берет. Мындай пикирлер «Люстрация-Тазалануу» кыймылынын алгачкы форумунда айтылды. Ага жарандык активисттер, тазаланууга үндөгөн коомдук бирикмелер менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышты. Ошол эле учурда люстрация саясий куугунтук үчүн курал катары эмес ишин мыкты билген дасыккан кадарларды иргеп алуу үчүн элек катары колдонулушу керек деген пикирлер айтылууда.

Өлкөдө люстрация мыйзамы октябрда болгон толкундоолордон кийин кайрадан көтөрүлүп, жада калса улуттук демилге болуп жатат. Өзгөчө жаштар люстрация мыйзамы кечиктирилгис кабыл алуу зарыл деген ойдо. Анткени Кыргызстандын экономикасынын сазга батканынын бирден-бир себеби бийликтеги таза эмес кадрларга байланыштуу. Тазаланууга мезгил келди деген жаштар люстрация мыйзамы көп маселеге чекит коюп, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол ачат деген пикирде.