Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун, Баетов айыл аймагындагы “Как-Кѳл” участкасында жер кыртышы бузулуп, баштапкы калыбына келтирилген эмес.
Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ак-Талаа районунун, Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ пландуу текшерүү жүргүзүлгѳн.
Текшерүү учурунда Баетов айылынын “Как-Кѳл” участкасында, калдыктарды кайра иштетүү же болбосо утилдештирүү боюнча, көмүү үчүн объекттерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу жана жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдаланууда жаратылышты коргоо режимдеринин талаптарын бузуулары аныкталып, жалпысынан 36 000 сом ѳлчѳмүндѳ айып салынды. Ошондой эле бир айлык мөөнөттө табылган кемчиликтерди жоюу туурасында эскертме жазуу берилди.