Жаңылыктар
Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айдарбеков Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. 

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды. Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан. Кадрдык курамга жаштарды тартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңычылдык киргизүүгө, ар кыл тармактарда ырааттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө өбөлгө.