Жаңылыктар
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөгөндөргө туум жана санкциялар эсептен чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөгөндөргө туум жана санкциялар эсептен чыгарылат

Мамлекеттик салык кызматы төлөөчүлөрдү салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын негизги суммасын төлөө менен кошуп эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырат.

Мындай жеңилдик 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштеген Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамы менен берилип жатат.

Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туумдар, санкциялар жана айып пулдары эсептен чыгарылат.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, аталган өнөктүк салык төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого алууга мүмкүндүк берет.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.