Жаңылыктар
Кырдаалга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жардам берүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Кырдаалга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жардам берүүгө даяр

Өлкөдөгү учурдагы оор кырдаалга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, жаштардан кем калышпай аскер объектилерин кайтарып жардам берүүгө даяр. 

Керек болсо жаштардан кем калышпай катарга туруп, тажрыйбабыз менен бөлүшүп чогуу кайтарышканга даярбыз деп жатышат. Мекендин бүтүндүгүн бардыгынан жогору койгон патриот мекендештерибизди дагы ушундай учурда жапырт баш көтөрүп, элибиздин келечеги үчүн чындап кызмат кылалы деп чакырабыз деген ардагерлер кыргызстандыктарга төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду. Кайрылууда төмөнкүдөй деп айтылат: 

"Биз, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, биздин өлкөбүз үчүн татаал мезгилде сиздерди биримдикке жана түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүүгө чакырабыз. Себеби мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу жаралды. Ушул оор учурдан баардыгыбыз чогуу гана чыгып кете алабыз. Биз, ардагерлер Куралдуу күчтөргө маанилүү аскердик объектилерди коргоодо жана кайтарууда көмөк көрсөтөлү деп чечтик. Ушул максаттарда ардагер уюмдардын мүчөлөрүнүн катарынан Куралдуу күчтөрдүн инфратүзүмдөрүнүн объектилерин кайтарууга жардам берүү үчүн топтор түзүлдү. Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Биз Сиздерди, Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана аскер объектилерине карата мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабоого чакырабыз. Куралдуу күчтөрдө биздин уулдарыбыз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз кызмат кылаарын жана Куралдуу күчтөрдүн инфратүзүмү өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого таасир берген Кыргыз Республикасынын эң маанилүү стратегиялык объектилери болуп эсептелерин түшүнөт деп ойлойбуз жана ишенебиз. Урматтоо менен Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!"