Жаңылыктар
Бишкектеги №12 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусунун курулушу 90 пайызга аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №12 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусунун курулушу 90 пайызга аткарылды

Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын 384 орундуу кошумча корпусунун курулуш иштери 90 пайызга аткарылды. 

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, окуу корпусунун курулушу былтыр башталып, 384 орунга эсептелген. Имараттын сметалык наркы 71 млн 973 миң сомду түзүп, толугу менен каржыланды. 

Азыркы тапта окуу корпусунун чатыры жабылып, ички жасалгалоо жумуштары аяктады. Ошондой эле суу түтүктөрү менен саркынды сууларды чогултуучу жай жасалды. Окуу корпусунун оңдоо иштерин жакынкы күндөрү бүтүрүү мерчемделген.