Өлкө башчынын Венгрияга болгон эки күндүк расмий сапары уланууда. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ түндө Будапешт шаарына келди. Бүгүн Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын Төрагасы Ласло Кёвер менен эки тараптуу жолгушуулар күтүлүүдө. Анын алкагында мамлекеттер ортосундагы кызматташууну арттырган бир нече келишимдерге кол коюлат. Маселен, Кыргыз-Венгер өнүгүү фонду түзүлгөнү турат. Анын менен бирге эки мамленкеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен келди. Өлкө башчынын учагы баш калаа Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Дипломатиялык протоколго ылайык, кызыл килем төшөлгөн. Каз катар тизилген ардак кароол, ызаат көрсөттү.
Расмий сапар менен келген өлкө башчысы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен бейформал кечки тамакта болушту. Виктор Орбан Президент Жээнбековго тарыхы бай кечки Будапешттин көз жоосун алган кооз имараттары менен тааныштырды. Венгер парламентинин имараты, Дунай дарыясындагы чынжыр көпүрө.