Жаңылыктар
Өлкөдөгү медиасектор өкүлдөрү шайлоого аттанып жаткан саясий партиялар менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү медиасектор өкүлдөрү шайлоого аттанып жаткан саясий партиялар менен жолугушту

Сөз эркиндиги - демократиялуу, эгемен Кыргызстандын жогорку баалуулугу. Андыктан аны колдоо керек", - деген пикирди өлкөдөгү медиасектордун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялар менен жолугушкан учурунда билдирди. 

Иш-чарада сөз эркиндиги боюнча келишим тууралуу кеңири маалымат берилди. Анда коомдук тармакта, дегеле интернет айдыңында пикирин билдиргендиги үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу, мамлекеттик ЖМКларды реформалоону, жаңылоону улантуу, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал учурунда медиасектордун өкүлдөрүнө жана журналисттерге маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүү, жарандарды, мамлекеттик органдарды жана ММКларды киберчабуулдардан, коркунучтардан укуктук жактан коргоо сыяктуу орчундуу маселелер камтылган. 

Ошондой эле шайлоо маалында элге таанылып калган адам, бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кандайдыр бир жасаган иши, аракети үчүн жүйөлүү жана катуу сынга алынышы мүмкүн экендиги белгиленген.