Кыргызстанда “Айыл айымдары” деп аталган долбоор башталды. "Укукту жана бизнести өнүктүрүү" коомдук фонду менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу биргелешип баштаган долбоор, айылдык аялдар мыйзамдуу укуктары тууралуу кеңири билип алсын деп, алардын сабаттуулук деңгээлин жогорулатууну максат кылууда.
Азырынча Чүй жана Ош облустарында пилоттук ыкмада гана башталган долбоор, акырындык менен республика аймагындагы бардык айылдарды өзүнө камтыйт. Август айынан башталган долбоор апрель айына чейин созулат. Бул арада айылдык айымдар укуктук жактан бекер кеңештерди алышат жана гендердик теңчилик боюнча бир катар окууларга катышат.
"Биздин долбоордун ишке ашышы 3 бөлүктөн турат. Биринчиси ЖМКлар менен жолугушуп, айыл айымдарынын көйгөйлөрүн көтөрүү, экинчиси Чүй менен Ош облусунда 22 тренинг өткөрүү жана жер-жерлердеги укуктук кеңеш алуу акысыз экендигин айыл айымдарына жеткирүү. Долбоор Ош жана Чүй облусундагы 15 районду жана 193 өз алдынча башкаруу органдарын камтыйт",- деди долбоордун менеджери Дамира Бустанова.