Жаңылыктар
К.Боронов: Тартипти сактаганда гана коопсуздук сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
К.Боронов: Тартипти сактаганда гана коопсуздук сакталат

Үгүт иштеринде жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирип, элди белгиленген сандан көп чогултуу - бул жоопкерчиликсиздик. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Отурумда тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке саясий партиялардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай чогулуп жатканы боюнча эскертүү берүү тапшырылды. Жарандардын бет кап тагынышын көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди.